Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

АКШ Иранга жаңы санкция киргизбейт


Ак үй президент Барак Обама Иранга карата жаңы санкцияларды киргизүү боюнча бардык мыйзамдарга вето коёрун билдирди.

Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү демилгесин бейшембиде Сенаттын 26 мүчөсү көтөрүп чыккан. 13 демократ жана 13 республикачыдан турган сенаторлор демилгелеген мыйзам долбоорго ылайык, жарым жыл ичинде өзөктүк программа боюнча соңку жыйынтыкка жетишилбесе, Иранга жаңы санкцияларды киргизүү каралган. Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни бул мыйзам долбоорду керексиз деп атады. Анын айтымында, Иран менен учурда жүрүп жактан сүйлөшүүлөргө кедергесин тийгизерин билдирди.

Өткөн айда Женевада дүйнөнүн АКШ, Франция, Британия, Германия, Кытай жана Орусия кирген алтылык менен Ирандын ортосунда өзөктүк программа боюнча келишим кабыл алынган. Аталган келишимге ылайык, Батыш өлкөлөрү Иранга экономикалык санкциясын жеңилдетип, Тегеран болсо ядролук программасын убактылуу кыскартууга тийиш.

XS
SM
MD
LG