Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Баш прокуратура: Бакиевдин иниси тараткан жерлер кайра алынат


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиев Сузактын Ырыс айылында айыл башчы болуп турганда тараткан жер тилкелери боюнча документтер мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты. Мындай жер тилкелердин 24ү берилгени аныкталды. Алардын 12си боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы район аралык сотко кайрылган. Жыйынтыгында сот прокуратуранын доо арыздарын канааттандырып, жерлер жер алууга укугу жок адамдарга берилип кеткен деген чечим чыгарды. Учурда ал тилкелерде тамдар салынып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG