Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Сириядан химиялык курал чыгарылууда


Сириядан химиялык куралдын алгачкы партиясы ташылып чыкты. Бул тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу уюму кабарлады. Аталган уюмдун маалыматында, уулуу заттар жүктөлгөн контейнерлер өлкөдөгү Латакия портунан шейшембиде даниялык кемелерге жүктөлдү. Эми аталган кемени Норвегия, Дания жана Сириянын кемелери коштоп барат. Негизи химиялык куралдын алгачкы партиясын 31-декабрда эле чыгаруу мерчемделип жаткан. Бирок өлкөдөгү согуштук операциялардан улам бул аракет кечигип ишке ашууда.

Сирияда былтыр августта химиялык курал колдонулуп, андан жүздөгөн адам мерт кеткен. Эл аралык кысымдан кийин расмий Дамаск өзүндөгү андай куралдын баарын жок кылууга макул болгон эле.

XS
SM
MD
LG