Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Еврокомиссия Түркиядагы окуяларга тынчсыздануу билдирди


Европа Комиссиясы Түркиядагы коррупциялык кине менен камакка алууларды ачык жана бейтарап иликтөөгө чакырды.ЕКнын маалымат катчысы Оливер Бейли бүгүн Брюсселдеги пресс-конференцияда: "Биз Түркиядан, талапкер өлкө катары, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө карата эрежелерди, анын ичинде мыйзамдын үстөмдүгүн сактоону талап кылабыз. Ал үчүн мындай айыптоолорго бийликтер дискриминациясыз көңүл буруп, айрым жетекчилердин ката кадамдары боюнча ачык жана бейтарап таризде чара көрүлүшү керек", - деди.

Өткөн түнү Түркияда ички иштер министрлиги тарабынан 15 дубандык полиция башчылары иштен алынды. Анын алдында Анкарада 350 полиция офицери иштен кетирилген. Бул чаралар мурдагы министрлер менен мамлекеттик банктын жетекчисинин балдарына байланышкан коррупциялык тергөөнүн алкагында ишке ашырылган. Маалымат каражаттары пара алган деп дагы 25 кишинин кармалгандыгын билдирүүдө. Өкмөт башчысы тергөөлөрдү өз өкмөтүн кулатууну көздөгөн «булганыч кутум» деп айыптады.

XS
SM
MD
LG