Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:17

Иран: ядролук келишим 20-январда күчүнө кирет


Иран жана дүйнө мамлекеттери ядролук келишим 20-январда күчүнө кирет деп макулдашты.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги, Ак үй жана Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон баары бул мөөнөттү бышыкташты. Эштондун сөзү боюнча, тараптар эми Бириккен улуттар уюмунун ядролук көзөмөл агенттиги - МАГАТЭден бул убактылуу келишимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү суранышмакчы. Европа биримдиги менен ирандык өкүлдөр Женевада 10-11-январь күндөрү жолугушкан.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп шек санайт. Тегеран болсо мындай ырастоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG