Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Бишкек - Ош: Жол кырсыгынан үч адам набыт кетти


Бишкек - Ош унаа жолунун 190-чакырымында унаа кырсыгынан үч адам набыт кетти. Окуя кечээ болгонун бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Эки жеңил унаа сүзүшүп кеткен. Эки адам кырсык учурунда набыт болуп, үчүнчүсү ооруканага баратканда жолдо үзүлгөн. Кырсыктан дагы төрт адам жараат алды. Аларды куткаруучулар Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирген. (RK)

XS
SM
MD
LG