Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Инженердик билим ассоциациясы ачылды


Кыргызстанда Инженердик билим ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. 2012-жылдан тарта Европа Биримдиги каржылаган TEMPUS долдоору Борбор Азияда инженердик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу багытында иштеп келатат. Максаты - инженерлерди окуткан жогорку окуу жайлардын билим берүү стандартын европалык деңгээлге, башкача айтканда EUR – ACE системасына ылайыктоо. Кыргызстанда түзүлгөн ассоциация өлкөдөгү инженердик программаларды аккредитацияламакчы. Алгач КМТУ менен КМКТАУнун эки инженердик программасы Европа Биримдигинин эксперттери менен бирге аккредитациядан өткөрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG