Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

УКМК Досонов боюнча түшүндүрмө берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кадыр Досоновду издөө иштерине тиешеси болгон жок. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Билдирүүдө Досонов 13-январда сотко өзү барганы, соттон кийин аны менен УКМК кызматкерлери жолугуп, "криминогендик жана коомдук-саясый абалга таасир бере тургандай иштерге барбоосу" эскертилгени айтылат.

Бүгүн ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыгы "Азаттыкка" Кадыр Досоновду Ошко УКМКнын кызматкерлери кечээ алып келгенин кабарлаган. Аны үй камагына чыгарган Ош облустук сотунун чечимине байланыштуу Жогорку Сотко арыз жөнөтүлөөрүн билдирген.

Кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досоновго ички иштер органдары тарабынан карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар тагылган. 2012-жылы 14-сентябрда ал Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. 2013-жылы жазында Досонов Ош шаардык соту тарабынан акталып, боштондукка чыгып кеткен. ИИМде бул иш кайрадан иликтенип, былтыр июнь айында Досоновго кылмыштуу топ түзгөн деген берене боюнча иш козголуп, 21-ноябрдан тарта эл аралык издөө жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG