Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча тараптар кайра жолугат


Кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын жетекчилери соңку кырдаалды талкуулоо үчүн бүгүн кайра жолугат. 14-январда эки тараптын жооптуулары телефон аркылуу сүйлөшүп, ушундай чечимге келишкенин Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Жолугушуу төрт күндөн бери абал курчуп турган Баткендин Ак-Сай айылына жакын жердеги чек ара аймагында болот.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын төрагалары Райымберди Дүйшөмбиев менен Ражобали Рахмонали түзүлгөн кырдаалды чыр-чатаксыз чечүү жолдорун талкуулашат.

Шейшемби күнү да тараптардын жолугушуусу болгон. Сүйлөшүү учурунда тажик тарап Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушуна тоскоолдук кыларын айткан. Жолугушууга тажик чек арачылары курал-жарак менен келишкени аймактагы абалды кайра чыңалткан.

11-январда Баткенде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда 45 мүнөткө созулган атышуу болгон. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик тарап минометтон жети жолу аткан. Атышуу учурунда Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 чек арачы жараат алган.

Окуяга байланыштуу Кыргызстан өзүнүн Тажикстандагы элчисин консультация жүргүзүү үчүн чакыртып алган. (SE)

XS
SM
MD
LG