Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Рада демонстранттарга каршы мыйзамды жактырды


Жогорку Рада кабыл алган документтердин ичинде эл өкүлдөрүнөн депутаттык кол тийбестикти алууну жеңилдеткен, ушак таратты деп күнөөлөнгөндөрдү кылмыш жазасына тартууну караган жоболор да бар. Бейшембидеги чечимди Евробиримдик “демократияга келтирилген коркунуч” катары сынга алды. Еврошаркеттин Украинадагы элчиси Ян Томбински депутаттарга адаттагы процедуранын негизинде жашыруун добуш бердиртпей, кол көтөрүүгө мажбурлашканын белгиледи. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт жаңы мыйзамдар эркиндикти “кескин” кыскарта турганын айтты.

Европарламенттин президентинин расмий өкүлү Марчин Грайевски бүгүн Брюсселде:

- Европарламенттин президенти Мартин Шульц азыр Украинада парламент адамга негизги эркиндикти чектей турган документти кабыл алганына тынчсызданып турат. Алар элге эркин жыйналып, нааразылыгын билдирүүгө, бейөкмөт уюмдарына иштөөгө чектөө коет. Эгерде алар мыйзам катары күчүнө кирсе, өлкөнү кайра авторитардык режимге алып барат. Шашылыш, парламенттик тартипти бузуп кабыл алынган документти мыйзам деп атаганга болбойт деп ишенет,-деп сүйлөдү.

Жаңы тартипке ылайык, аянттарга чатыр салып, трибуна орноткон, же коомдук жайларда үн күчөткүч колдонгондорго 640 долларга чейин айыппул тагылат же 15 күнгө камалат.

XS
SM
MD
LG