Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Баткенде айланма жолдун курулушу уланууда


Учурда Ак-Сай - Көк-Таш айланма жолунун курулушу уланууда. Бул жерде Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бөлгөн 10го жакын техника иштеп жатат. Жумушчулардын коопсуздугун жергиликтүү күч кызматтары көзөмөлдөп турат. Курулуш иштери кадимки тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Раззаков билдирди.

Раззаков кошумчалагандай, чек арачыларды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн атайын токтом кабыл алынып, миллион сом бөлүнгөн. Андан сырткары жергиликтүү тургундар да өз ыктыяры менен чек арачыларга азык-түлүк, тамак-аш алып барып жатышат.

11-январда аталган жолдун курулушу жүрүп жаткан жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атылган. Эки тараптын ок атышуусунан кыргызстандык 5 чек арачы жана бир милиция кызматкери, тажикстандык 3 чек арачы жарадар болгон.

Тажик тарап бул жол талаштуу аймакта курулуп жатканын айтып, каршы чыгууда. Кыргыз бийликтери болсо бул жол Кыргызстандын аймагында курулуп жатканын билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG