Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

"Болотнаянын" катышуучуларын 5-6 жылга кесүү сунушталды


Москвада прокурорлор Болотная боюнча айыпталгандарды 5-6 жылга эркинен ажыратууну талап кылды. 2012-жылдын май айында Москванын Болотная аянтындагы демонстрацияда "тополоң уюштурган" деген кине менен ондогон киши камакка алынган. Эки тараптан тең көп киши жараат алган. Азыр 28 кишиге кылмыш иши козголуп, буга чейин үчөө эки жарым, төрт жарым жылдык мөөнөттөргө кесилген. Бири психиатриялык клиникага жаткырылган. Сот иши 27-январда улана турган болду.

XS
SM
MD
LG