Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Ошто лидер аялдар журналисттер менен иштеше баштайт


Ошто лидер аялдар саясаттагы айымдардын ролун жогорулатуу үчүн журналисттер менен иштеше баштайт.

“Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фонду бүгүн аймактагы лидер аялдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун төрайымы Авазкан Ормонова билдирди.

Жыйында аялдар арасындагы лидерликти өстүрүүнүн пландары каралып, аны коом арасына жайылтуу жагы журналисттер менен бирге талкууланат. Айымдарды депутат болууга үндөгөн долбоорлор иштелип чыгат.

Учурда Ош облусундагы жергиликтүү кеңештерде 1700дөн ашуун депутат бар, алардын 10 пайызы аялдар. (SE)

XS
SM
MD
LG