Токтогулда бир короо малды кар көчкү басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя бүгүн эртең менен саат 9:30га жакын Үч-Терек айыл аймагына караштуу Жетиген айылынын кыштоосунда болгон. Кар көчкү жүрүп, 100гө жакын койду басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян тийген жок. Айылдан 9 киши ат менен кар түшкөн жерге жөнөп кетти. (RK)