Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

AI: Түркмөнстанда мурдагы айыпкер меджардамга муктаж


Эл аралык "Мунапыс" (“Amnesty International”) уюму мурда кесилген айыпкерге чукул медициналык жардам көрсөтүлбөй жаткандыгын эскертти.

Уюмдун бүгүн жарык көргөн билдирүүсүндө айтылгандай, жүрөгү, өтүшүп кеткен сарык жана оор артрит менен ооруган, кан басымы жогору Гелди Киаризовду коопсуздук күчтөрү ооруканага киргизбей коюшту. "Мунапыс" уюму Киаризовго чукул жардам көрсөтүлбөсө, анын өмүрү коркунучта экендигин эскертти.

Кезегинде мамлекеттик "Түркмөн Аттары" биримдигин жетектеген 63 жаштагы Киаризов кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген өңдүү бир нече айып менен беш жарым жыл түрмөдө отуруп чыккан. Ага жана үй-бүлөсүнө сыртка чыгууга тыюу салынгандыктан, башка өлкөгө барып да дарылана албайт.

XS
SM
MD
LG