Мындай чечим Уламалар кеңеши тарабынан кабыл алынганын муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын уставына өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү үчүн муфтийди шайлоо 8-февралдан 4-мартка которулду. Бул күнү Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз 5-курултайы өтөт. (AiT)