Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Пакистан бийликтери талиптер менен сүйлөшүү өткөрөт


4-февралда Исламабадда Пакситандын өкмөтү өлкөдөгү талиптердин өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Аталган жолугушуунун максаты - кийинки сүйлөшүүлөрдүн «жол картасын» түзүү. Өткөн жумада премьер-министр Наваз Шариф талиптер менен сүйлөшчү топту аныктаган. Бирок сүйлөшүүлөр өз максатына жетпесе, өкмөт согуштук кадамдарда барат деп болжолдонууда. Пакистан талиптери өлкө аймагында шариаттын мыйзамдары менен жашаган «чыныгы ислам өлкөсүн» түзүүнү көдөйт.

2013-жылы талиптердин чабуулдарынан карапайым калктан 1200 адам каза тапкан. Пакистандагы талиптердин лидери Хакимулла Мехсуд АКШнын учкучсуз учагынын чабуулунан 2013-жылдын ноябрында каза болгон соң кыймылды башкаруу Маулана Фазуллага өткөн. Ал дайындалгандан кийин талиптер бийлик менен тынчтык сүйлөшүүгө барбай тургандыгын билдиришкен (AiK).

XS
SM
MD
LG