Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Тунисте бир полициячы жана жети согушкер мерт кетти


Тунистин ички иштер министри маалымдагандай, борбор калаанын жанындагы атышуудан бир полиция офицери жана согушкер деп шектелген кеминде 7 адам өлтүрүлдү. Ок атышуу дүйшөмбү күнү полиция согушкерлер бар делген райондордо рейд өткөрүп, курал издеп жатканда башталган. Бийликтер атып өлтүрүлгөндөрдү исламдын сунни агымынын өтө консервативдүү бөлүгүн колдогон салафисттер катары сыпаттоодо.

Салафисттердин "Ал-Каидага" байланышкан "Ансар ал-Шария" тобу өткөн жылы Тунисте эки оппозициялык лидерди өлтүргөн деп күнөөлөнгөн жана АКШ тарабынан террорчул уюмдардын тизмесине киргизилген (AiK).

XS
SM
MD
LG