“Юпитер” базарында 4-февралда кечки саат тогуздан кийин болгон өрт эки саатта өчүрүлдү. Базарды полиция курчоого алып, ичкери эч кимди киргизбей жатат.
Декабрда Алматынын ныптасындагы Кара-Сай районундагы базарда өрт чыгып, эки адам апаат болгон.
Былтыр сентябрь-ноябрь айларында эле Алматыда жана анын четиндеги сегиз базарда өрт чыккан. Бир өрт атайын уюштурулган деп аныкталып, калган өрттөрдүн себеби иликтенүүдө. Соодагерлер өрт келтирген чыгымды төлөп берүүнү талап кылып, митингге да чыгышкан. Алматы шаардык бийлиги өрт болгон базарлар 1990-жылдардын башында мыйзамсыз курулган деп, чыгымдарды төлөбөй койгон жана ал жерлерге жаңы жол түшөөрүн айтууда.