Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 15:38

Латвия министринин Кыргызстанга сапары соңуна чыгууда


6-февралда Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичсти президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева кабыл алды. Ринкевичс ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Маалыматка караганда, тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү, визалык тартипти жумшартуу, парламент аралык жана башка байланыштарды күчөтүү зарылдыгын белгилешкен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Ринкевичс 5-7-февралда Кыргызстанда расмий сапар менен болору кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG