Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Индияга олимпиадалык макамы кайтарылды


Эл аралык олимпиада комитети Индияга мелдештерге катышууга уруксат берди. 2012-жылы Индиянын улуттук олимпиада комитети коррупцияга шектелгендиктен, эл аралык мелдештерден четтетилген.

Ушул күндөрү Сочиде өтүп жаткан олимпиадага Индиянын үч атлети катышууда. XXII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Индияга каршы киргизилген санкцияга байланыштуу үч спортсмен Эл аралык олимпиада комитетинин желегин көтөрүп чыгышты. Эми мелдештерде индиялык спормендер өз өлкөсү үчүн таймаша алат.

9-февралда Индиянын улуттук олимпиада комитетине Нараян Рамачандран президент болуп шайланды.

XS
SM
MD
LG