Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Нарында соодагерлер нааразылык билдиришүүдө


Учурда Нарын шаарындагы базарда сыртта соода кылган 50 дөй соодагер облустук бийликтин имаратында чогулуп турушат. Алар шаардык бийлик сыртта соода кылгандарга тийбесин, соода кылчу орундарыбызды албасын деген талап коюшууда. Нааразы болгондорго өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова жана шаар башчысы Баатырбек Жээналиев чыгып жолукту. Бирок, эки тарап бир пикирге келе албай ортодо кайым айтышуу болуп жатат. Мэр Жээналиев “сыртта соода кылгандар базардын көчөсүндөгү кыймылга жолтоо болуп жана эч кандай салык төкпөй ишкердик кылып жатканын” айтып, баары бир көчө тазаланышы керектигин белгиледи.
Бир жумадан бери Нарын шаарындагы базарды ирээтке келтирүү иштери жүрүп жаткан.(TSh)

XS
SM
MD
LG