Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Балыкчыда ок чыгаргандардын шериги болгон


Бишкектеги Свердлов райондук ИИБнын башчысы Айбек Жайлообековдун бүгүн маалымат жыйынында билдиришинче, милицияга ок аткандардын шериги 43 жаштагы Рустам Бурканов кармалган. Ал Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев менен чогуу Бишкекте ишкердин үйүн карактоого катышкан. Тинтүү учурунда Буркановдун үйүнөн Кыргызстан, Казакстандын жарандарынын паспорттору, колтелефондордун сим карталары, беткап, колкаптар жана курал табылган.

Маалыматтар боюнча, Свердлов РИИБге бишкектик тургун белгисиз бирөөлөр өткөн жылдын 31-декабрында анын үйүнө кирип, ири суммадагы акчасын тоноп кеткенин айтып кайрылган. Милиция бул боюнча иликтөө иштеринин натыйжасында 6-февралда Рустам Буркановду кармаган. Бурканов тергөөдө Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев менен кошо киши тоноого катышканын билдирген.
Учурда милиция Буркановдун башка кылмыш иштерге катышы бар-жогун иликтөөдө.

Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаев 9-февралда Балыкчыда милиционерлерге ок атышып, натыйжада бир милиционер набыт болду. Экинчиси жарадар болуп, ооруканада. Ок чыгарып качып кеткен экөөнү милиция 10-февраль күнү Токтогул шаарчасында кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнүнө байланыштуу атып өлтүргөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG