Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Түлеевдин мүлкүнө байланыштуу судьяга иш козголду


Бишкектин Биринчи май райондук сотунун бир судьясына кылмыш иши козголгонун Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган судья өз ыйгарым укугунан ашыкча пайдаланып, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекет пайдасына чегерилчү мүлктү бошотуу боюнча чечим чыгарган. УКМКнын коррупцияга каршы кызматы бул чечимдин мыйзамсыз экенин билдирүүдө. Буга байланыштуу аталган судьяга Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “ыйгарым укукту ашыкча пайдалануу” жана “мыйзамсыз чечим чыгаруу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда коррупцияга аралашкан деген айып менен 2012-жылдын жайынан бери УКМКнын тергөө абагында камакта. Бишкектин Ленин райондук соту Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. Нариман Түлеев бул чечим менен макул болбой, шаардык сотко арызданган.(BkA)

XS
SM
MD
LG