Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди убактылуу кызматын тапшырууга чакырды. Мындай демилге менен депутаттар Бөдөш Мамырова жана Каныбек Осмоналиев чыкты.
Мамырованын айтымында, Сатыбалдиев премьер-министрликти аркалап турган мезгилде Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин объективдүү текшерүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, Сатыбалдиевди кызматын эки айга тапшырып турууну сунуштады.
Буга чейин өкмөт башчы мамдирекциянын ишин кайрадан текшерип чыгууга каршы эместигин билдирген болчу.(BkA)