Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

ЕБ украиндерди коалициялык өкмөт түзгөнгө чакырды


Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле дээрлик үч айдан берки саясий кризисти жөндөө үчүн Украинанын жетекчилигин жана оппозициясын коалициялык өкмөттү куруу үчүн “ыкчам кадам жасоого” үндөдү.

Президенттин укугун чектеп, парламенттин бийлик укугун күчөтүү үчүн Фүле 13-февралда Киевде кабарчылар менен кездешүүдө, эки жакты Конституцияны реформалоону макулдашууга да чакырды. Ал нааразыларды “камакка алып, кодулап, улам опузалап жаткан шартта” өз ара ишенимге жетишүү кыйын болорун айтып, украин бийликтерине аларды омуроолобоону эскертти. Фүле кризисти токтотууга жардамдашуу үчүн Киевге шейшемби күнү келген.

Оппозиция лидери Арсений Яценюк бейшемби күнү алардын талабын кайра кайталады:

- Оппозицияны премьер-министрлик сыяктуу өкмөттөгү орундар менен азгыруунун кереги жок. Биздин талабыбыз мындай: биз премьер-министрлик орунга ынанбайбыз. Биз министрлер кабинетин түзүп, жалпы өлкөдөгү абал үчүн толук жоопкерчиликти өзүбүзгө алганга макулбуз.

XS
SM
MD
LG