Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Кыргызстанда авиажүргүнчүлөрдүн саны өстү


Кыргызстанда авиажүргүнчүлөрдүн саны эки жыл мурункуга салыштырмалуу 41% жогорулады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Унаа жана байланыш министрлигинин статс - катчысы Максатбек Дыйканов билдирди. Буга авиакомпаниялар арасындагы конкуренция өсүп, билет баалары төмөндөгөнү себеп болууда.

2012-жылы авиаишканалардан мамлекетке 450 миллион сом салык түшсө, 2013-жылы 507 миллион сом төлөндү.

Кыргызстанда учак билеттери Борбор Азия өлкөлөрү ичинен эң арзан болгондуктан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары да чет өлкөлөргө көп учурда Ош аэропорту аркылуу учушат. (SE)

XS
SM
MD
LG