Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын жакын өнөктөштөрү кылмышка шектелип, кармалды. Алардын арасында Гүлнара Каримованын жарандык жубайы Рустам Мадумаров, ишкерлик өнөктөштөрү Гаян Авакян жана Екатерина Клюева бар. Кармоо жана тинтүү Каримованын Ташкенттеги квартирасында жума башында жүргүзүлгөн. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча кармалгандарга салыкты жашырган, мыйзамсыз ишкерлик кылган, ири өлчөмдө чет өлкөлүк валютаны жашырган деген айыптар коюлду. Гүлнара Каримованын өзү Швейцария жана Швецияда арам акчаны адалдоого аралашкан деп шектелген. (AiT)