Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Армения Бажы биримдигине "жарым кадам" таштады


Армения Бажы союзуна кирүү боюнча талаптардын жарымын аткарды. Армениянын премьер-министри Тигран Саркисяндын айтышынча, Бажы союзунда көптөгөн товарларга бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү Арменияга караганда бийик болгону чоң проблема бойдон калууда. Ошон үчүн, Ереван Бажы союзуна өтө маанилүү товарлардын тизмесин берип, аларга бажы төлөмдөрү өзгөртүлбөсүн суранат. Армениянын Бажы союзуна кирүү боюнча мыйзам долбоору өлкө парламентине кароого мартта берилет деп мерчемделүүдө. Армения Бажы союзуна кирүү ыкласын былтыр сентябрда жарыя кылып, декабрда Москвада мүчөлүккө кирүү боюнча жол картага кол койгон. Азыр Бажы союзуна Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө.

XS
SM
MD
LG