Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Ош: Сот террорго шектүүнү үй камагына чыгарды


Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында тоноочулук кылды деген шек менен кармалган жаранды Ош шаардык соту үй камагына чыгарды.

Милициянын айтымында, тинтүү учурунда ал жарандын унаасынан колдо жасалган курал-жарак, газ тапанчасы жана беткаптар, ал эми үйүнөн Кыргызстанда тыюу салынган диний агымдарга тиешелүү китептер, DVD-дисктер табылган. Кылмышка шектүү жаран милицияга көрсөтмө берип жатып Сирияда атайын аскердик даярдыктан өтүп келгенин, Кыргызстанда террордук чабуулдарды уюштурууга даярдык көрүп жатканын айткан. Ага карата Кылмыш кодексинин "конституциялык түзүмдү күч менен кулатууга коомдук чакырык жасаган" деген айып тагылган болчу.(YI)

XS
SM
MD
LG