Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Мамдепартамент: Кыргызстанда адам укугун коргоодо көйгөй арбын


Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган адам укугу боюнча баяндамада айтылат. Анда Кыргызстандын түштүк аймагындагы этникалык чыңалуу өлкөдөгү адам укугу жаатындагы негизги көйгөй катары көрсөтүлгөн. Баяндамада айтылгандай, кыргыз бийлиги айрым учурда коопсуздукту сактоо үчүн адам укугун бузган көрүнүштөргө жол берүүдө. Бул өзгөчө өлкө түштүгүндө байкалганы айтылат. Ошондой эле соттук териштирүүлөрдө укуктук кемтиктер айрым учурда адам укугунун бузулушуна жол ачууда. Муну менен катар Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук, кыйноо жана жарандарды опузалоо фактылары да бар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG