Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Путин: Украинада зордук-зомбулук күч албашы керек


Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада мындан ары тополоң-тоз болбошу керек деди. Кремлдин кечээ жума күнү кечинде Путин Украинадагы кризис тууралуу Британия менен Германиянын жетекчилери жана Европа Кеңешинин президенти менен телефондон сүйлөшкөндүгүн бышыктады. Британиянын өкмөт башчысы Девид Кэмерондун маалымат кызматынын кабарлашынча, Путин Кэмеронго Орусия Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык биримдигин урматтайт деди. Ушул эле булакка ылайык, Кэмерон менен Путин Украинада эркин жана акыйкат шайлоо болушу маанилүү экендигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG