Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Украина флотунун командачысы кызматынан бошотулду


Украинанын жаңы өкмөтү украин флотунун командачысы, контр-адмирал Денис Березовскийге кылмыш ишин козгоп, кызматынан бошотту. Ишемби күнү флоттун башчылыгына Киев тарабынан дайындалган Березовский Севастополго келип, Крым бийлигине баш ийгендигин билдирип, ант берген.

Крымдын өкмөт башчылыгына Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган Сергей Аксенов Севастополдо кызмат кылган Украин аскерлерине Крым бийлигине гана баш ийүү буйругун чыгарган. Киев булардын баарын мыйзамсыз деп атап, бир күн мурун дайындалган контр-адмирал Березовскийди кызматынан бошотуп, "мамлекетке чыккынчылык жасады" деген айып менен кылмыш ишин козгоду. (AiT)

XS
SM
MD
LG