Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

AKШ: Орусия менен аскердик кызматташуу убактылуу токтойт


Пентагон Украинадагы кырдаалга байланыштуу АКШ Орусия менен бардык аскердик кызматташтыгын убактылуу токтоткондугун бышыктады. Пентагондун маалымат катчысы, деңиз күчтөрүнүн адмиралы Жон Көрби биргелешкен машыгуу, эки тараптуу жолугушуу, портторду кыдыруу жана пландалган жыйындар токтотулганын билдирди. Көрбинин айтымында, АКШ Орусияны «Украинадагы кризисти жөнгөрүүчү кадамдарды көрүп, Крымдагы орус аскерлерин өз турактарына кайтарууга» чакырат. Орусиянын Крым аймагына миңдеген аскерлерди жибериши чоң нааразылыкты жаратып, АКШ менен Европа Биримдиги санкция киргизебиз деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG