Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Обама Путин менен Крымдагы кырдаалды талкуулады


Ак Үйдүн маалыматына караганда, президент Барак Обама Орусиянын мамлекет башчысы менен Украинадагы кризисти талкуулады.
Телефон сүйлөшүүсүндө Обама Владимир Путинге Орусиянын Крымдагы аракеттери Украинанын эгемендигин бузуу болуп саналаарына басым жасап, бул Кремлдин аскердик интервенциясынын артында турган орусиялык жана украиналык расмий адамдарга санкция колдонууга аргасыз кылганын айтты.
Америкалык лидер кырдаалдан чыгуу үчүн дипломатиялык жолдорду издөө керектигин белгиледи. АКШ эл аралык коомчулуктун арачылыгы менен орус-украин түз сүйлөшүү жүргүзүүнү, Украинага эл аралык байкоочуларды жиберүүнү, орус аскерлерин базаларына кайтарууну жана май айына белгиленген шайлоого даярдыктарды колдоону сунуш кылууда.
Ал эми Кремлдин маалыматына ылайык, Путин Киевдин жаңы бийликтери “чыгыш, түштүк-чыгыш облустар менен Крым аймагына тиешелүү легитимсиз чечимдерди кабыл алганын” айтты.

XS
SM
MD
LG