Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Швейцарияда Нооруз майрамдалат


Айдана жана Зарина Биримкуловалар.
Айдана жана Зарина Биримкуловалар.
Тоолуу Швейцариядагы кыргызстандыктар жаз майрамын 22-мартта Золотурн кантонунун Ольтен районунда тосот. Токойдун ортосундагы Вальдхус айылында Ноорузга арналган иш-чараны мекендештер үй-бүлөлөрү менен өткөрүшөт. Бул тууралуу Swiss Kyrgyz Club уюму маалымдады.

Майрамда Айдина Биримкулова пианинодо жана Зарина Биримкулова скрипкада кыргыз жана дүйнөлүк классиканын көрүнүктүү музыкалык чыгармаларын конокторго тартуулашат. Андан сырткары, кыргызстандыктар өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр ырдап, тамак-аш даярдап, бий бийлеп жана жергиликтүү тургундарга Нооруз тууралуу айтып беришет.

Ошол эле күнү Германиянын Бонн шаарында Нооруздун урматына кыргызстандык ырчылардын концерти болот. Бул тууралуу мекендештердин KyrgyzClub–Germany уюму кабарлады. Ырчылар Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев жана "Тим Бектур энд Френдс" жаз тобу концерт тартуулашат.

Германиядагы кыргызстандыктардан тышкары майрамдык салтанатка Австрия, Бельгия, Британия, Италия, Нидерланд, Франция, Чехия жана Швейцариядан мекендештер катышат. Кече Берлиндеги кыргыз элчилигинин жана Бонндогу кыргыз консулдугунун колдоосу менен өтөт. Нооруз майрамын Австрия, Англия жана Шотландиядагы кыргызстандыктар дагы чоң шаан-шөкөт менен белгилешет. (BAz)

XS
SM
MD
LG