Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Активист Илья Лукаш Кыргызстандан чыгып кетти


Жарандык активист Илья Лукаш ишембиде өзүнүн фэйсбук баракчасында “Коркутуу жана кысым көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдум” деп жазган.
Ал “Азаттыкка” кайсы мамлекетке чыгып кеткендиги тууралуу кагаз иштери толук бүткөндө гана маалымат берээрин билдирди.

Буга чейинки интернетте жазгандарына караганда, кыргызстандык активист Украинанын Львов шаарына бараары кабарланган болчу.

Жалалабаддык жарандык активист, 24 жаштагы Илья Лукаш буга чейин Кыргызстанда өткөрүлгөн адам укугун коргоо, кыз алуу качууга каршы, Бажы Биримдигине кошулбоого үндөө, Украинага тилектештик сыяктуу акциялардын активдүү мүчөсү болгон.

2013-жылдын декабрь айында аны белгисиз бирөөлөр токмоктоп кеткен.

Ушул жылдын 27-февралында болсо жаштардын тобу гомосексуалдардын укугун коргогон деп Лукаштын сүрөтүн өрттөшкөн. (SA)

XS
SM
MD
LG