Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Орусия ТИМи Украинадагы “мыйзамсыздыкка кыжырдануусун” билдирди


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын чыгышындагы “мыйзамсыздык үчүн кыжырдануусун” билдирди. Бүгүнкү билдирүүдө айтылгандай, өлкөнүн чыгышындагы башаламандык орустар менен орус тилдүүлөргө терс таасирин тийгизип жатат. Министрлик ишембиде Харьковдо болгон окуяга кайрылат. “Беттерин чүмбөттөгөн ультра-улутчул адамдардын тобу тынч митингге чыккандарга ок чыгарышкан, жарадар болгондор бар” деп айтылат анда. Харьковдогу окуя боюнча расмий кабар түшө элек. Министрлик Днепропетровск шаарында да полиция жети орус журналистин камап койгону боюнча нааразылыгын билдирген. Аягында АКШ менен Евробиримдикке кайрылуусунда “Биздин батыштык өнөктөштөрүбүздүн, адам укугун коргогон уюмдар менен маалымат каражаттардын ушуларга унчукпай турганы уялтат”, деп айтылат.

XS
SM
MD
LG