Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Малайзиянын жоголгон учагы дале табыла элек


“Малайзия аба жолдорунун” бортунда 239 жүргүнчүсү бар учагы дале табыла элек. Азырынча асмандагы жана деңиздеги издөөлөр эч кандай жыйынтык бербей жатат. Тергөөчүлөр жоголгон учакка Италиядан жана Австриядан уурдалган паспорттор менен отурган эки киши тууралуу иликтөөлөрдү күчөтүшкөнүн айтышты.

Малайзиянын Жарандык авиация бөлүмүнүн башчысы Ажаруддин Абдул Рахман бүгүн Куала-Лумпурдагы мааалымат жыйында: "Малайзия деңиз күчтөрү агенттиги тапкан кара майдын калдыктары атайын изилденип, жыйынтыгы чыгарылды. Май учакка тиешелүү эмес экенин аныктадык", - деди.

Ишембиде Куала-Лумпурдан Бээжинге бараткан Боинг-777 учагы кокус эле жоголуп кеткени “жардырылган же уурдалган” деген коркунучту күчөттү. Андагы жүргүнчүлөрдүн 150дөн ашууну - кытайлыктар. Бүгүн Кытай Малайзияга кайрылып, учакты издөө иштерин дагы күчөтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG