Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Обама Назарбаев менен Украина маселесин сүйлөштү


Президент Барак Обама 10-мартта Украинадагы окуяларды Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен талкуулады. Ак Үйдүн маалымдашынча, Обама Назарбаевди Украинадагы кризисти жөндөөнүн тынч жолун табууда жигердүү роль ойногонго чакырды. Эки лидер кооптуу жагдайды тынч чечүүгө кызыккандарын, ошондой эле күнкорсуздуктун жана территориалдык бүтүндүктүн принциптерин сактоонун маанилүү экенин белгилешкен. Ошол эле күнү Назарбаев Украинадагы кризисти Орусия президенти Путин менен сүйлөштү. Казакстандын президентинин сайтынын жазышынча, Назарбаев Украинадагы аз улуттарды коргоодо Орусиянын позициясын колдогон. Ал бүгүн (11-март) Москвага барып, “актуалдуу эл аралык маселелерди” сүйлөшөт.

XS
SM
MD
LG