Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Крымга Москвадан келген гана учактар кондурулууда


Крым жарым аралынын негизги аэропорту 11-мартта Москвадан башка багыттар үчүн жабылды. Киевден учуп келген Украина аба жолдор компаниясынын учагына Симферополго конууга уруксат берилбегендиктен кайра артка кеткени кабарланды. 11-мартта Стамбулдан келчү авиакаттам токтотулду. Бирок Москвадан эки рейс болду. Маалыматтарга караганда, өткөн түнү куралчан адамдар аэропортто авиакаттамдарды көзөмөлдөй баштаган. Киев-Симферопол каттамы 28-февралда куралчан адамдар Крым парламентин көзөмөлгө алып, москвачыл өкмөттү орноткондон бир күн кийин да болбой калып, 48 сааттан кийин кайра улантылган. 16-мартта Крымда аймакты Орусияга кошуу боюнча референдум болот.

XS
SM
MD
LG