Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

АКШ жана Украина лидерлери Ак Үйдө кездешет


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Вашингтондо Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен жолугат. Ак Үйдүн өкүлү Жей Карнинин маалымдашынча, Яценюктун визити Кошмо Штаттар “Украинаны, украин элин жана Украинанын жаңы өкмөтүнүн мыйзамдуулугун бекем колдогонун” жышаана кылат.

16-мартта Крымда автономиянын келечегин аныктоочу референдум өтөт. Шайлоочулар эки суроого Орусияга кошулуу же Украинанын ажырагыс бөлүгү бойдон калууга өз пикирин билдирет. Украин жетекчилиги өлкө коңшулаш Орусиядан коргонуу үчүн жардамга муктаж деп, Вашингтондон финансылык көмөк алууга кызыкдар. 11-мартта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусиянын Крым жарым аралын басып алуусун сындаган резолюция кабыл алды.

XS
SM
MD
LG