Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Лондондо Керри менен Лавров украин кризисин сүйлөшүүдө


Сергей Лавров менен Жон Керри Лондон шаарында, 14.03.2014
Сергей Лавров менен Жон Керри Лондон шаарында, 14.03.2014
Лондондо АКШ Мамкатчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинадагы кризис тууралуу сүйлөшүүдө. Керри кездешүү алдында алар эки ортодогу келишпестиктерди жөндөө маселесин талкуулай турганын билдирген: "Албетте, биз сүйлөшчү маселе көп. Мен маселелерди иликтеп, ортодогу кээ бир айырмачылыктарды чогуу чечүү мүмкүнчүлүгүн балким таба алабыз деген үмүттөмүн."

Керри Лавровго эгер 16-мартта Крымды Орусияга кошуу боюнча референдум өтсө, Москва макулдашылган эл аралык санкцияга кабылышы мүмкүн экенин айтат деп боолгонууда.

Сергей Лавров кабарчыларга азыркы катаал абалды жөндөгөнгө баа жеткис убакыт кеткенин айтты: "Мени да бул сүйлөшүү болуп жатканы канааттандырат. Биз татаал кырдаалда турабыз. Көп окуялар болуп, көп убакыт текке кетти. Азыр эмне жасалыш керек экенин көрөбүз."

XS
SM
MD
LG