Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Крымда жана Севастополдо Киевдин каршылыгына карабай референдум башталды


Бул окуяны Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары дилгир чагылдырууда. Rian.ru агенттигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8де Крым боюнча 1205 жана Севастополдо 192 добуш берүү участкалары ачылган.

Референдумга Орусияга кошулуу жана Украинанын курамында калуу деген эки маселе коюлган. Кайсыл суроо жарымынан көп добушту алса ошол кабыл алынат. Бюлетендер украин, орус жана крым татар тилинде жазылган. Добуш берүү бүгүн саат 20га чейин жүрөт. Анда катышкандардын ылдыйкы мерчеми белгиленген эмес.

Шайлоого 70тен ашуун эл аралык байкоочулар көз салып жатканы маалымдалууда.

Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөргөнү турган Крымды азыр орус аскерлери ээлеп турат. Украина жана Батыш өлкөлөрү бул үчүн Орусияны күнөөлөп, референдумду мыйзамсыз, эл аралык укукту айдан ачык эле бузуу деп аташууда.

Кечээ Украин парламенти Крымдын парламентин таркатуу чечимин кабыл алган. Чечимди Жогорку Рада утурумдук президент жана парламент спикери Александр Турчиновдун жетекчилигинде өткөн атайын жыйында кабыл алды.

XS
SM
MD
LG