Нооруз майрамына карата Бишкекте ат спорту боюнча оюндар башталды. 17-21-март күндөрү “Ак-Кула” ат майданында өтчү мелдештерге Кыргызстандын түрдүү аймактарынан келген спортчулар катышып жатат.
Мамлекеттик спорт агенттигинен билдиришкендей, тандоодон өткөн спортчулар 20-мартта жарым финалда, 21-мартта чечүүчү оюнда беттешет.
Андан сырткары, Нооруз майрамында Салбуурун боюнча көрсөтмөлүү оюндар өтөт. (SE)