Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Крым Орусияга кошулуу арызын берди


Симферополдогу "өздүк коргонуу күчтөрүнүн" өкүлдөрү, 17-март, 2014
Симферополдогу "өздүк коргонуу күчтөрүнүн" өкүлдөрү, 17-март, 2014
Украинадагы Крым автономиялуу республикасы кечээги референдумдан кийин бүгүн өзүн формалдуу түрдө көз карандысыз деп жарыялап, Орусияга кошулуу арызын берди. Крым парламенти чечимди бүгүн атайын жыйында кабыл алды. Кечээ региондо бул боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгында шайлоочулардын 96,8% Орусияга кошулууну колдогон.

Бул референдумду башынан эле Киевдеги жаңы бийлик менен Батыш тааныбай турганын билдирип, анын жыйынтыгы легитимсиз деп келишет. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде орусиялык жогорку даражалуу чиновниктерге каршы санкцияны талкуулап жатат. АКШ да өзүнүн жазаналары жөнүндө бүгүн кабар берээри күтүлүүдө.

Орусия болсо референдум бүт эл аралык мыйзамдарга ылайык өткөнүн айтууда. Орусияда Мамлекеттик Думанын вице-спикери парламент Крымды Орусияга кошуу боюнча мыйзам долбоорун “көп кечиктирбей кабыл алаарын” айтты.

XS
SM
MD
LG