Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Казакстанда эки киши 291 бош паспорт менен кармалды


Казак бийликтери ичи толтурулбаган казак улуттук паспортторунун чоң көлөмүн алып бараткан жеринен гонконгдук эки тургун кармалганын кабарлашты. Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети бүгүн билдиргендей, чек арачылар 291 бош улуттук паспортту, анын ичинде адатта расмий кызматкерлерге берилүүчү кызматтык паспортторду алып бараткан эки кишини кармашкан. Алар Алматыдан кайра Гонконгго учууга камынып жаткан чакта колго түшүрүлдү. Улуттук коопсуздук комитети азыр иликтөө баштаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG