Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Токон Мамытов Памир кыргыздарынын өкүлүн кабыл алды


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 18-мартта вице-премьер-министр Токон Мамытов Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздардын өкүлү Абдимиталип Сыражидин уулун кабыл алды. Анда памирлик кыргыздардын өкүлү аларды Кыргызстанга көчүрүп келүү өтүнүчүн тапшырды. Эгерде кыргыз өкмөтү көчүрүү чечимин кабыл албаса, анда алар Пакистан жана Түркия өкмөттөрүнө кайрылууга аргасыз болоорун билдирди. Өз кезегинде Токон Мамытов памирлик кыргыздардын кайрылуусу боюнча өкмөт чечим кабыл аларын айтты. Абдимиталип Сыражидин уулунун айтымында, Памирде азыркы кезде 2 миңдей кыргыз жашайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG