Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

ТИМ: Крымдагы референдум элдин эркин көрсөттү


20-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы, анын ичинде Крымдын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

"16-мартта өткөн Крымдагы референдумдун жыйынтыктары Автономдуу Республиканын калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн эрки экендигин аныктады. Аталган референдумга кандай гана карама-каршы баа берилбесин, бул дагы объективдүү чындык экенин көрсөтүп турат" деп белгиленген билдирүүдө. Аны менен бирге Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси: "Кыргыз Республикасы мурдагыдай эле Украинанын мурунку бийлигинин ойлонулбаган иш-аракеттери жана коррупциялангандыгы бүгүнкү күндөгү кризиске жана ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө алып келди деген пикирде" экенин баса белгилейт.

11-мартта ТИМ Украинадагы азыркы оор кырдаалга жана ондогон кишилердин набыт кетишине Януковичтин бийлиги түрткү бергенин айтып,"Кыргызстан Украинадагы абалды эл аралык укуктук нормаларга жана БУУнун Уставына ылайык тынч, сүйлөшүү жолу менен жөндөөнү колдоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG