Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Барактык дыйкандар талаа иштерин баштай албай турат


Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары күйүүчү май жана башка каражаттын жоктугунан жазгы талаа иштерин баштай албай турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдын башчысы Бурканбек Ашуров билдирди. Анын айтымында, соңку эки жылдан бери айылда дээрлик дыйканчылык жумуштары аткарылбай жатат. 2013-жылы 45 гектар жер бош калган.

Пахта эккендер чек ара жабык турганына байланыштуу жыйнаган буланы Кыргызстанга алып өтүп сата албай калгандыктан, дыйканчылыктын бул түрүн биротоло токтотушту. Айрымдар жүгөрү жана буудай айдап гана тирилик кылууда. Бирок күйүүчү май жана техниканын жетишсиздигинен күтүлгөн түшүм жыйналбай келет.

2013-жылдын январында Сох анклавындагы чатактан улам Өзбекстан Баракка алып барчу жолду жаап салган. Андан бери айыл тургундары жумасына эки жолу каттаган кичи автобустар аркылуу Ошко келип, азык-түлүк алып кетет. Маселени чечип берүүнү өтүнүп бир канча жолу бийликке да кайрылышкан, бирок азырынча майнап чыга элек.

Кыйынчылыктан улам үйүн таштап, башка жакка көчүп кеткендер көбөйдү. Айыл башчынын айтымында, эки жыл мурун Баракта 153 кожолук болсо, азыр 35 гана түтүн калган.

Барак айылы Оштун Кара-Суу районуна карайт. (SE)

XS
SM
MD
LG